Биз социалдык тармакта

Баш калаада синтетикалык баңгизаттарды сатууга шектүү кармалды

Бишкек милициясы бүгүн, 19-декабрда борбор калаада синтетикалык баңгизаттарды сатууга шектүү жаран кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 2004-жылы туулган Ч.А. аттуу жаран кармалган. Жеке тинтүү учурунда анын чөнтөгүнөн синтетикалык баңгизатка мүнөздүү жыты бар, кара түстөгү термоусадкалык плёнкага оролгон 3 даана ором табылып, алынган.

Мындан тышкары, шектүү мурда өзү жашырган жерлерин ыктыярдуу көрсөтүп берген, ал жерлерден ушул сыяктуу баңгизаттары салынган 27 даана ором алынган. Алынган баңгизат каражаттарынын жалпы салмагы 57,39 граммды түзгөн.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматы тарабынан тергөө иш-чаралары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан