Биз социалдык тармакта

Газа аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам 17 адам каза болду

Газа аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам кеминде 17 адам, анын ичинде 4 бала сууктан тоңуп каза болду. Бул тууралуу “24KZ” агенттиги Газанын Саламаттык сактоо министрлигине таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, катуу шамал согуп, узакка созулган жаан-чачын болуп, түнкүсүн абанын температурасы 5 градуска чейин төмөндөөдө.

Айрыкча турак жайынан ажыраган жарандар жашаган лагерлерде абал оор. Жүз миңдеген адамдар жылытуу каражаты жок чатырларда жана бузулган имараттарда жашап жатышат.

Мындан тышкары, суук тийүү жана сасык тумоонун оор түрлөрү менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Дары-дармектердин, жылуу кийимдердин жоктугу жана отундун жетишсиздиги абалды ого бетер курчутууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан