Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Темир жолдор академиясынын директору Хайко Шольц менен жолугушуу өткөргөнүн Фейсбук баракчасынан билдирди.
Жолугушууда академиянын Кыргызстанда филиалын ачуу мүмкүнчүлүгү, темир жол тармагында кадрларды даярдоо, немис тилин үйрөтүү жана практикалык кесиптик билим берүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланды.
Демилге заманбап транспорттук инфраструктура үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоого багытталган.