Биз социалдык тармакта

Евробиримдик Украинаны колдоо үчүн орусиялык активдерди колдонуу сунушун талкуулоодо

Евробиримдик Украинаны колдоо үчүн тоңдурулган орусиялык активдерди колдонууну сунуштоодо. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Брюсселдеги саммитте уюм Орусиянын активдерин дароо конфискациялоодон баш тартып, Украинага 90 миллиард евро насыя берүүнү чечти.

Еврокомиссия Орусиянын суверендүү активдеринин эсебинен 185-210 миллиард евро көлөмүндө насыя берүүнү сунуштап жатат. Бирок бир катар Европа өлкөлөрү жана институттар буга каршы чыгышты.

Кремль жана Орусиянын ТИМи мындай аракеттер олуттуу кесепеттерге алып келерин эскертишти. "Euroclear" жетекчиси да бул чечимге каршы чыгып, сотко кайрылышы мүмкүн экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан