Өлкө аймагында акыркы суткада 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Берилген маалыматка ылайык, бул күнү Бишкек шаарында 2, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 1, Чүй облусунда 5 өрт кырсыгы чыкты.
Өрттү өчүрүүгө 16 күжүрмөн эсеп тартылган.