Биз социалдык тармакта

Чүйдө жасалма документтерди жасап келген аял кармалды (видео)

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жасалма документтерди жасап келген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунда эки жылдан бери жасалма документтерди даярдап келген канал аныкталган. Алар мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын, медициналык жана муниципалдык мекемелердин, ошондой эле юридикалык жактардын жасалма документтерин даярдоо менен алектенген. Документтер алдын ала даярдалган жасалма мөөрлөр менен күбөлөндүрүлүп, жарандар тарабынан жеке максаттарда колдонулуп келген.
Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 379-беренесине (Документтердин жасалмасын жасоо) ылайык кылмыш иши козголгон. Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө аталган аймакта жайгашкан 35 жаштагы Ч.Ж. аттуу жарандын үйүнөн жана унаасынан мамлекеттик органдардын жана кызматтардын 10 мөөрү, 800дөн ашык жасалма документтер табылган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул кылмыштуу ишмердүүлүккө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Чүйдө жасалма документтерди жасап келген аял кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан