Биз социалдык тармакта

Трамп АКШнын коргоо тармагына рекорддук бюджет бөлдү

АКШ президенти Дональд Трамп 2026-жылкы финансылык улуттук коргоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бюджеттин жалпы көлөмү 901 миллиард долларды түзөт. 17-декабрда документ АКШ Конгрессинин макулдугун алгандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.

Ак үйдүн билдирүүсүндө көрсөтүлгөндөй, бул бюджет Пентагондун "Күч аркылуу тынчтык" стратегиясын ишке ашыруусуна, өлкөнүн коргонуу күчүн бекемдөөгө жана аскердик-өндүрүш базасын чыңдоого мүмкүнчүлүк берет.

Мыйзамда 2026-27-жылдарда Украинага колдоо көрсөтүү үчүн 400 миллион доллар каралган. 2025-жылда АКШнын аскердик бюджети 884 миллиард долларды түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан