АКШ бийлиги грин карта лотереясын убактылуу токтотуп турарын билдирди. Бул тууралуу АКШнын Ички коопсуздук министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Браун университетиндеги ок атууга байланыштуу кабыл алынган. Аталган окуяда ок чыгарган Клаудио Невес Валенти 2017-жылы грин карта лотереясы аркылуу өлкөгө кирген.
"Президент Дональд Трамптын көрсөтмөсү менен лотерея программасынан америкалыктар зыян тартпашы үчүн аны токтотууну чечтик",- деп билдирген АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм.
Белгилей кетсек, ушул жылдын декабрь айында АКШнын Род-Айленд штатынын Провиденс шаарындагы Браун университетинде ок атылып, андан эки адам каза болгон.