Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жаңы орун басарлуу болду
Бүгүн, 17-декабрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директорунун орун басары Каныбек Солтонов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдайт. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев кол койду. Ал эми Каныбек Солтоновдун ордуна Рустам Каракулов дайындалды.