Биз социалдык тармакта

Стамбулда "Даңазалуу доор" сериалынын актрисасы кармалды 

Стамбулда "Даңазалуу доор" түрк сериалында роль жараткан 37 жаштагы актриса Эзги Эйюбоглу кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, актриса айым "баңгизат колдонгон жана тараткан" деген шек менен кармалган.

"Стамбулда баңгизатын колдонгон же тараткан деген шек менен сегиз киши, анын ичинде актриса Эзги Эйюбоглу кармалды",- деп билдирген Стамбул полициясы.

Актриса "Даңазалуу доор" тасмасынын экинчи сезонунда Крым ханынын кызы Айбиге хатундун ролун жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан