Биз социалдык тармакта

Бишкекте жаңы жылдык майрамдын алкагындагы музыкалык кече өтөт

Бишкек шаарынын мэриясы жаңы жылдык майрамдык иш-чаралардын алкагында борбор калаанын тургундарын жана конокторун ачык асман алдында өтө турган майрамдык музыкалык кечеге чакырат.

Калаа башкармалыгы концерт бүгүн, 19-декабрда, саат 19:00дө Ала-Тоо аянтында болорун белгилеп, анда "Кыргыз-Руху" эстрадалык-фольклордук ансамблинин музыкалык номерлери коюларын билдирди.

"Кеченин конокторун чыныгы жылуу жана майрамдык маанай күтөт: жандуу музыка, улуттук обондор, Жаңы жыл алдындагы өзгөчө атмосфера, үй-бүлөңүз жана досторуңуз менен көңүлдүү убакыт өткөрүү, эстеликке сүрөткө түшүү жана Жаңы жылдын жакындап калганын сезүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан