Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Бажы кызматынын эки кызматкери жана Мамлекеттик чек ара кызматынын бир аскер кызматкери жыйын учурунда кармалгандагы видео жарыялады.
Атайын кызмат алар кыргызстандыктар менен өзбекстандыктардан турган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө көмөктөшүп келишкенин белгилейт. Аталган топ Түркиядан кымбат баалуу медициналык дары-дармектерди жана зер буюмдарды өлкөгө аткезчилик жол менен ташып келип, андан кийин Өзбекстанга аткезчилик жол менен өткөрүп турган.