Декабрдын ортосунда Сауд Арабиясынын тоолоруна жана чөлдөрүнө кар жааганын Аль-Ибхария телеканалы маалымдап, видеолорду жарыялады.
Айрым аймактарда абанын температурасы төмөндөп, жолдор тайгалак болгон. Аба ырайынын катаалдыгынан улам борбор шаар Эр-Рияддагы мектептер дистанттык окууга өткөн. Синоптиктердин болжолунда, өлкөнүн түндүк аймактарында мындан да көп кар жаашы мүмкүн.