
Олимп оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган XXXVII эл аралык оор атлетика боюнча турнир өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, турнир 24-26-декабрь күндөрү Бишкек шаарындагы “Газпром-балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде өткөрүлөт. Турнир төмөнкү салмак категорияларында өткөрүлөт:
- Эркектер арасында: 60, 65, 71, 79, 88, 94, 110, +110 килограмм.
- Кыз-келиндер арасында: 48, 53, 58, 63, 69, 77, 86, +86 килограмм.
Агенттик аталган турнирди Азия оор атлетика федерациясынын жылдык календарлык планына киргизүү пландалып жатканын кошумчалады.