Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев архив ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Архив кызматынын мыктысы" төш белгиси менен сыйланды.
Калаа мэриясы кабарлагандай, сыйлыкты Жунушалиевге Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу архив кызматынын төрайымы Нуркыз Базарбаева тапшырган.
Белгилей кетсек, өлкөдө биринчи жолу Бишкектин мамлекеттик архиви үчүн атайын имарат курулуп жатат. Беш кабаттуу имараттын жалпы аянты 2741,16 чарчы метрди түзөт.