Мэрия: "Бишкекке дагы 40тай жол чырак керек"

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 206 жол чырак иштейт. Алардын 61и заманбап үлгүдө, атайын энергия үнөмдөөчү элементтер менен жабдылган. 28 жол чыракка убакытты артка саноочу таблолор орнотулган. Ал эми калган жол чырактар 70-80-жылдары орнотулган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 21-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, жол чырактардын көпчүлүгүнүн жабдуулары, кабель чубалгылары техникалык нормаларга ылайык эскирген жана пайдалануу мөөнөтү аяктаган. "Шаар жолдорунда транспорттун жана жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугун, жол кыймылын тартипке келтирүүнү камсыз кылуу максатында, жол кесилиштериндеги тыгындарды азайтуу үчүн Бишкекке дагы 37ге жакын жол чырак орнотуу зарыл",- дейт ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын башчысы Сергей Дьяченко.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан