Амирчик белгилүү ырчы Jay Sean менен дуэт аткарды. Алар "Ride It" ырын кечээ, 20-декабрда Jay Sean`дин Бишкекте өткөн жеке концертинде ырдашты.
Ырчылардын чогуу ырдагандагы тартылган видео социалдык тармактарга тарап, колдонуучулар тарабынан жылуу пикирлер жазылып жатат.
Буга чейин Амирчик өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында Jay Sean менен бирге ырдаарын билдирген.