Биз социалдык тармакта

Дрон колдонуу эрежелерин тескеген долбоор сунушталды

"АПКР‑6. IV бөлүк. Аба кемелерин эксплуатациялоо. Учкучсуз учуучу аппараттар" деп аталган авиациялык эрежелердин долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги тарабынан иштелип чыккан.

Документ учкучсуз учуучу аппараттарды жөнгө салуунун жана пайдалануунун тартибин аныктаган мыйзамдык ченемдерди киргизүү максатында даярдалган.

Анда дрондорду тиешелүү министрликтерде жана ведомстволордо каттоодон өткөрүү, аны башкара турган адамга атайын сертификат берүү, каттоодон өтпөгөн дронду учуруу боюнча уюштуруу иштерин пландоо, дронду тартууга тыюу салынган аймактарда колдонуу талаптары камтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан