Бишкек шаардык мэриясы калаада бир нече автобус каттамы өзгөргөнүн эскертти. Ага ылайык, бүгүн, 22-декабрдан тарта №33, №56, №61 маршруттук каттамдардын кыймыл схемасы өзгөрүп, №5Т маршруттук каттамды электробус тейлейт.
"Бул өзгөртүүлөр жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртууга, каттамдардын натыйжалуулугун жогорулатууга жана экологиялык таза транспортту өнүктүрүүгө багытталган",- деп билдирди мэрия.