Бүгүн, 22-декабрдан тартып Чүй проспектинин Шопоков көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн ачылышына байланышту 11 автобус каттамы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, 22-декабрынан тартып №222, №216, №129, №169, №104, №227, №254, №135, №11, №152, №25 автобустардын кыймыл чиймелерине жарым-жартылай өзгөртүүлөр киргизилди, ал эми кээ бир каттамдар мурунку багыттарына кайтарылды.
Мэрия жүргүнчүлөрдү жаңы кыймыл чиймелерин эске алууну жана каттамдар боюнча жаңыланган маалыматтар менен алдын ала таанышып алууну суранат.