Дем алыш күнү өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу 22-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 4, Талас облусунда 1, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 10 күжүрмөн эсеп тартылган.