Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда талапка жооп бербеген 263 жеке клиниканын иши токтотулду 

Кыргызстанда талапка жооп бербеген 263 жеке медициналык клиниканын иши токтотулду. Бул маалыматты Саламаттык сактоо мининстрлиги бөлүштү.

Маалыматка ылайык, аталган жеке клиникалар талапка ылайык иштебей, жарандардын ден соолугуна олуттуу коркунучтарды жараткан.

"Соңку учурда ВИЧ сыяктуу оорулар көп катталгандыктан, министрлик жеке клиникалардын ишин текшере баштаган. Анда 541 жеке медициналык уюм текшерилип, 246 клиниканын лицензиясы жок экени аныкталган. Ал эми 295 клиникада олуттуу мыйзам бузуулар аныкталып, 263 медициналык уюмдун иши токтотулду",- деп айтылат маалыматта.

Текшерүүдөн соң жеке клиникаларга 20 миллион 740 миң сом айып пул салынганы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан