АКШ президенти Дональд Трамптын учактан ишенимдүү эмес жана араң түшкөнү анын ден соолугу тууралуу кооптонууларды жаратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Видеодон Трамп учактын тепкичинен түшөр алдын оң бутун колу менен үч жолу чаап, андан кийин кармагыч аркылуу жай түшкөнүн көрүүгө болот. Ал эми жерге түшкөндөн кийин жардамчыларынын коштоосунда унаага отуруп кеткен.
Буга чейин Ак үй Трамптын ден соолугу тууралуу билдирүү тараткан. Анда АКШ лидеринин жүрөгү жана кан тамырларынын абалы жакшы экени айтылган болчу.