Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 19-22-декабрь күндөрү жиу-житсу боюнча ACBJJ World Open Championship GI & NO-GI 2025 эл аралык турнири өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Анда кыргызстандык спортчулар байгелүү орундарга ээ болушту. Мелдештин жыйынтыгында:
- Султан Русланбеков (көк кур, 70 килогараммга чейин) - GI бөлүмүндө 1-орун, NO-GI бөлүмүндө 3-орун;
- Арген Абдыманапов (көк кур, 70 килограммга чейин) - GI бөлүмүндө 3-орун, абсолюттук категорияда 1-орун;
- Максим Бахарев (көк кур, 85 килограммга чейин) - GI бөлүмүндө 1-орун;
- Бекбол Жолборсов (көк кур, 80 килограммга чейин) - GI бөлүмүндө 2-орун;
- Актан Уран уулу (көк кур, 65 килограммга чейин) - GI бөлүмүндө 3-орун.