Нигерияда кылмыштуу топ тарабынан уурдалган 130 окуучу бошотулду. Бул тууралуу Казинформ агенттиги DW'га таянып жазды.
Маалыматка ылайык, алар Нигер штатындагы Ыйык Мариям атындагы католик мектеп-интернатынын окуучулары болушкан. Бул тууралуу өлкө президентинин өкүлү Сандей Дэра 21-декабрда билдирген.
Анын айтымында, учурда кылмыштуу топтун колунда эч ким калган жок.
Эскерте кетсек, 22-ноябрда аталган мектептен 303 окуучу жана 12 мугалим уурдалган. Кийинчерээк 50 окуучу өз алдынча качып кеткен, өкмөт этап-этабы менен калган балдарды бошотту.
Нигериянын түндүк-батыш жана борбордук аймактарында кылмыштуу топтун мүчөлөрү көп жылдан бери адам уурдап, акча талап кылып келишет. Мындай чабуулдардан миңдеген адамдар каза болгон.