25-декабрда саат 10:00дөн 18:00гө чейин Бишкек шаарындагы айрым аймактарда ичүүчү суу берилбейт. Бул тууралуу 22-декабрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, суу Турусбеков көчөсүндө (Жибек Жолу проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейин), Жибек Жолу, Держинская, Баялинов көчөлөрү Ала-Арча дарыясына чейин өчүрүлөт.
Таза суунун өчүрүлүшү Күрөңкеев көчөсүндөгү суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу.
"Бишкексууканал" ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, ичүүчү сууну алдын-ала камдап алууну суранат.