
2025-жылдын 11 айында Мамлекеттик салык кызматы өлкөдө өндүрүлгөн жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алынып келинген товарлардан бюджетке 19 миллиард 493,06 миллион сом акциз салыгынын түшүүсүн камсыз кылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, салыкты чогултуу боюнча көрсөткүчтөр 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 миллиард 1,7 миллион сомго же 17,3 пайызга көбөйгөн. Өндүрүлгөн акциздик продукциядан 2025-жылдын 11 айында 4 миллиард 826,3 миллион сом акциз салыгы келип түштү.
- алкоголдук продукциядан 3 миллиард 448,3 миллион сом,
- алкоголсуз суусундуктардан 1 миллиард 297,0 миллион сом,
- мунайзаттан 70,0 миллион сом
- тамеки продукциясынан 8,2 миллион сом түшкөн.
Мындан тышкары, 11 айда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алынып келинген акциздик продукциялардан 14 миллиард 666,8 миллион сом салык чогултулган.
- тамеки продукциясынан 9 миллиард 111,7 миллион сом,
- мунайзаттан 3 миллиард 670,9 миллион сом,
- алкоголдук продукциядан 653,7 миллион сом
- алкоголсуз суусундуктардан 749,2 миллион сом жыйналган.
Эске салсак, 1-июлдан тартып Кыргызстандын аймагында алкоголдук жана тамеки продукцияларын идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген.