Нарын облусунун Миң-Булак айылынан Президенттик балатыга катыша албай калган 4-класстын окуучусу Малика Амангелдиева өзүнүн ишке ашпай калган кыялын ыр аркылуу айтып чыкты. Ал мугалимдин кызы болгондуктан аталган иш-чарага бир күн калганда тизмеден чыгарылган.
Малика майрамдык иш-чарага барууну абдан самаган, бирок абалды түшүнгөн. Ошондой болсо да келечекте бул майрамдык иш-чарага сөзсүз бара тургандыгын максат кылган.
Интернет желесине тараган бул видео коомчулукта жылуу кабыл алынып, ага каалоо-тилектер жазылууда.