Биз социалдык тармакта

Эстей алган эмес... Жасалма айдоочулук күбөлүк менен унаа башкарган жаран аныкталды

Бишкекте 22-декабрда жасалма айдоочулук күбөлүк менен жүргөн айдоочу аныкталды. Бул тууралуу шаардык милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, Жол милиция кызматкерлери тарабынан транспорт каражатын мас абалда башкарган айдоочу токтотулган. Текшерүү учурунда анын айдоочулук күбөлүгү жасалма экени аныкталган. Айдоочунун айтымында, ал бул күбөлүктү кайсы жерде жана кандай шартта алганын эстей алган эмес.

Бул факт боюнча айдоочуга карата укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлдү. Унаа айып короого коюлуп, ал эми айдоочу Биринчи Май РИИБине тиешелүү чараларды көрүү үчүн жеткирилген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан