Бишкек шаарындагы коомдук транспорттун айдоочусу жол тыгынында турган маалда окуучулардын маанайын көтөрдү. Мындай окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Видеодон жол тыгыны учурунда айдоочу окуучуларга чогуу ыр айттырып, жаңы жылы менен куттуктап жатканын көрүүгө болот.
Ошондой эле аталган айдоочу жүргүнчүлөргө жаңы жылдык маанай тартуулап, автобусту кооздоп, өзү дагы аяз атанын баш кийимин кийип алган.