Бишкек дүйнөдөгү абасы зыяндуу делген шаарлардын катарына кирди. Бул тууралуу дүйнөдөгү абасы кир жана абасы таза шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун сайтында жарыяланды.
Аталган уюмдун 23-декабрдагы чыгарган маалыматына ылайык, борбор калаанын абасы "зыяндуу" деп табылып, абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү кооптуу көрсөткүчкө жеткен. Ошондой эле абасы кир шаарлардын катарында 10-орунду ээлеген. Ал эми дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын сап башына Индиянын борбору Дели шаары чыккан.
Мындай абалда адистер беткап тагынууну, терезелерди жабууну жана мүмкүнчүлүк болсо абаны тазалай турган жабдууларды колдонууну сунуштап келишет.