Биз социалдык тармакта

Жеңишбек Токторбаев Оштогу мектепти текшерип, бир катар тапшырмаларды берди 

Бүгүн, 23-декабрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдырууда №8 Горький мектебине барды. Бул тууралуу калаа бийлиги билдирди.
Ал жерде мэр окуучуларга түзүлгөн шарттарды көрүп, мектептин аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды кыдырды. Билим берүү мекемесинин аймагына 5 турак жай жана 3 коммерциялык объект курулуп калган. Алар “Реми” рестораны, “Айгат” кафеси жана “Салам” мейманканасы.
Шаар башчысы жеке менчикке өтүп кеткен социалдык объекттердин жерлерин муниципалдык менчикке кайтарып алуу боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди. Аны менен катар мектептеги парта, отургучтарды алмаштырууну жана башка кемчиликтерди жоюуну тапшырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан