Биз социалдык тармакта

Трамп дүйнөдөгү эң мыкты куралдарды АКШ чыгарарын билдирди 

АКШнын президенти Дональд Трамп дүйнөдөгү эң мыкты куралдарды америкалык компаниялар чыгарарын билдирди. Бул тууралуу Трамп Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясында маек берип жатып айткан.

Анын айтымында, америкалык компаниялар эң мыкты куралдарды чыгарып жатканы менен жетишээрлик деңгээлде тез болбой жатат.

"Биз дүйнөдөгү эң мыкты куралдарды чыгарабыз. Буга эч ким тең келе албайт. Бирок тезирээк чыкпай жатат. Андыктан алар менен өндүрүш графиктерин талкуулоо үчүн жолугуп жатабыз",- деген АКШнын лидери.

Мындан тышкары, Трамп аскердик-өнөр жай комплексинин жетекчилери менен жаңы куралдарды чыгарууну талкуулап жатканын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан