АКШнын президенти Дональд Трамп Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаевге белек жөнөттү. Бул тууралуу Казакстандын президентинин басма сөз катчысы Руслан Желдибай казак басылмаларына билдирди.
Маалыматка караганда, Трамп Казакстандын президентине Ак үйдүн символикалык ачкычын жана кол тамгасы бар баш кийим жиберген.
"Америкалык лидер Казакстандын президентине жылуу каалоо-тилектерин айтып, анын урмат-сыйына басым жасап, аны "эл аралык процесстерди терең жана тең салмактуу түшүнгөн тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер" деп атаган",- деп билдирген Руслан Желдибай.