Биз социалдык тармакта

Шүкүр Исмаилов муфтийдин орун басары болуп дайындалды

Бүгүн, 23-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары болуп Шүкүр Исмаилов дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Абдулазиз Закиров кол койду.

Шүкүр Исмаилов 1973-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Жогорку билимин юриспруденция жана араб тили боюнча алган. Ошондой эле ислам укугу жана Кыргызстандагы ислам тарыхы багытында илимий даражалары бар. Диний билимин Кара-Балтадагы Хазрети Осмон атындагы Ислам институтунда жана Восточное айылындагы Аннамузажийя медресесинде алган.

Ал Ислам университетинде декан, кафедра башчысы, илимий-изилдөө институтунун директору, диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан