Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол мурдагы жубайы Екатерина Биволду соттон утуп алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Санкт-Петербургдагы райондук сот Дмитрий Биволго карата коюлган айыптоолорду чындыкка дал келбейт деп тапкан. Буга чейин спортчунун мурунку жубайы Биволду үй-бүлөлүк зомбулукка айыптап, сотко кайрылган.
Ал эми сот арызды чындыкка дал келбейт деп таап, спортчунун кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды жокко чыгарууну милдеттендирген. Ошондой эле каралоочу сөздөрүн социалдык тармак аркылуу артка алып, аны жарым жыл аралыгында өчүрбөөнү талап кылган.