Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов өзүнүн Фейсбук баракчасына видео киргизип, Чүйдөгү укук коргоо кызматкеринин мыйзамсыз иш-аракетин көрсөттү.
Анын айтымында, унааны айдоочу мамлекеттик номери жок башкарып, айыл ичинде дрифт уюштурган. Анын баарын депутат телефонуна тартып, унаанын аркасынан түшкөн. Бирок айдоочу көпкө чейин токтобой депутаттын айласын кетирген.
Жерине жол тескөөчүлөрү келип, мыйзамсыз иш-аракеттер боюнча маалымат берилди. Айдоочу дагы өз чындыгын айтып берди.