Биз социалдык тармакта

Трамп Казакстан жана Өзбекстандын лидерлерин Майамиге чакырды

АКШ президенти Дональд Трамп Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефондук сүйлөшүү өткөргөнүн билдирди.

Чет элдик басылмалар билдиргендей, тараптар уланып жаткан чыр-чатактарды жөнгө салуунун маанисин, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашкан. Трамп АКШнын эки өлкө менен болгон мамилеси жогору деңгээлде экенин белгиледи.

Ошондой эле 2026-жылы АКШда өтө турган G20 саммитине Казакстан жана Өзбекстандын лидерлери конок катары чакырылары айтылды. Саммит Майами шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан