SpaceX компаниясына таандык Starship ракетасы учурулгандан сегиз мүнөт өткөндөн кийин жарылып, анын сыныктары 50 мүнөттөй Кариб деңиз аймагына чачырады.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, окуя болгон маалда асманда болжол менен 450 жүргүнчүсү бар үч жүргүнчү учагы учуп жүргөн. Учактар ракетанын сыныктары менен кагылышып кете жаздады. Кырсыктын алдын алуу үчүн аба каттамдарынын багыттары шашылыш өзгөртүлдү.
Окуя авиация коопсуздугуна байланыштуу олуттуу тынчсызданууну жаратты.