АКШнын преизденти Дональд Трамп Казакстан менен Өзбекстанды 2026-жылы декабрда Майамиде өтүүчү G20 саммитине катышууга чакырганын маалымдады.
Ак үйдүн башчысы бул тууралуу кечээ, 23-декабрда казакстантандык жана өзбекстандык кесиптештери Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин билдирди.
"Кийинки жылы АКШ G20 саммитин өткөрөт жана биз эки лидерди Майамидеги бул абдан маанилүү иш-чарага конок катары катышууга чакырабыз",- деп жазды Трамп TruthSocial социалдык медиа платформасында. Республикачы Вашингтондун Астана жана Ташкент менен мамилесин "эң жакшы" деп мүнөздөдү.