Түркиянын Анкара шаарына жакын жерде Ливиянын Куралдуу күчтөр башкы штабынын башчысы Мохаммед аль-Хаддад түшкөн учак кулап түштү. Бул тууралуу Түркиянын Ички иштер министрлиги маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, окуя 23-декабрга караган түнү болгон. Анда учак Анкарадагы Эсенбога аэропортунан Ливиянын борбору Триполи шаарына учуп чыккан. Аталган учактагы байланыш учак абага көтөрүлгөндөн 40 мүнөт өткөндөн кийин үзүлгөн.
Ливиянын бийлиги каргашалуу кырсыктан каза болгондорду тастыктап, алардын сөөгү табылганын билдирген. Учак кырсыгынан Анкарадагы расмий сапардан кайтып келе жаткан делегация курамындагы 5 адам каза тапкан.