Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 24-декабрдагы таңкы рейд учурунда шаардагы №6 Макаренко мектебинин абалын жана окуучуларга түзүлгөн шарттарды көрүп чыкты.
Анда калаа башчысы класстагы бекибей бош турган партаны көрүп, окуу бөлүмүнүн башчысын чакырып, окуучулар "кантип окуйт эми, айтсаңыз?" деп суроо салды. Ал эми завуч бул мүчүлүштүктөр оңдоло турганын айтты.
Мэр келерки жылдын январь айында мектептеги парта жана отургучтар толугу менен алмаштырылып, ал эми жайкы үч айлык каникул учурунда имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөрүн билдирди.