
Бүгүн, 24-декабрга карата өлкөнүн ашууларында жолдор ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда жолчулар тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүшүүдө.
"Нарын-Акталчат-Казарман унаа жолунун 40-99-чакырымдар аралыгында бир тараптуу каттам бар. Белгилей кетсек, 12-декабрдан тарта аталган жол тилкесинде кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан жеңил жана оор жүк ташуучу автоунааларга убактылуу чектөө киргизилген",- деп билдирди министрлик.
Министрлик айдоочуларга унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууну, керектүү шаймандарды ала жүрүүнү эскертти.