
Бүгүн, 24-декабрда эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугу башталат. Мелдештин биринчи күнүндө 57, 65, 74, 86 жана 97 килограммга чейинки салмак категорияларында беттештер өтөт.
Чемпиондуктун негизги максаты - эркин күрөштү өнүктүрүү жана жайылтуу, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу, сергек жашоо образын даңазалоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын курамын толуктоо болуп саналат.
Мелдештин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасын 2026-жылы өтө турган Азия чемпиондугуна, Дүйнө чемпиондугуна, эл аралык жана лицензиялык турнирлерге катыштырууга тандоо жүргүзүлөт.
Жыйынтыгында I, II жана III орундарды ээлеген спортчулар медаль жана дипломдор менен сыйланып, улуттук курама команданын курамына киргизилет.
Чемпиондук Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (United World Wrestling) эрежелерине ылайык өткөрүлөт. Беттештер Бишкек шаарындагы “Жаштык” аренасында өтөт.