Грузиянын Гардабани шаарындагы жаңы жылдык башкы балаты күйүп кетип, шаардагы жарык өчүрүлгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аталган окуя 22-декабрда балатыны жандыруу аземинде болгон. Салтанатта балаты толугу менен күйүп кеткени айтылды. Ал эми иш-чарага келген эл коопсуз жайга чыгууга аргасыз болгон. Тилсиз жоонун келип чыгышына балатыны электр жарыгына туташтыруудагы мүчүлүштүктөр себеп болгон.
Грузиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт толугу менен өчүрүлгөнүн кабарлады. Ал эми полиция кызматы аталган окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, териштерүү иштерин баштаган.