Биз социалдык тармакта

Бишкекте алдамчылыкка шектелип "Асма" курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды

Бишкекте "Асма" курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Ленин районунун ички иштер башкармалыгы маалымдайт.

Берилген маалыматка ылайык, шектүү О.К. аттуу жарандын ишенимине кирип, курулуп жаткан объекттин жакында бүтөрүн убадалап, пайда бөлүшүү боюнча келишим түзгөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин негизинде 1991-жылы туулган Х.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда анын дагы 7 ушул сыяктуу иштерге тиешеси бар-жогун текшерүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан