Биз социалдык тармакта

Бишкекте карызы бар 6 миңден ашуун абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 25-декабрда Бишкекте электр энергиясына болгон төлөмдөр төлөнбөгөнүнө байланыштуу 6 миңден ашык абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкек электр тармактары" ишканасынан билдиришти.

Мекеме жашоочуларды төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат.

Эсебиңиздин балансын компаниянын расмий сайтындагы "Абоненттик баланс" бөлүмүнөн же "Менин жарыгым" мобилдик тиркемеси аркылуу текшере аласыз. Ошондой эле 1209, 105, 0772 00 12 09, 0556 00 12 09 WhatsApp аркылуу күнү-түнү иштеген колл-борборлорго чалып текшерсеңиз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан