
Бишкек шаарында Жаңы жыл майрамында 300 автобус түнкү саат 2ге чейин иштейт. Бул тууралуу Биринчи радиого Бишкек мэриясынын Транспорт муниципалдык ишкансынын директору
Талантбек Капаров билдирди.
"Жаңы жылга карата автобустарды нөөмөткө коёбуз. 31-декабрда Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чаралар болот. Түнкү саат 2ге чейин бир дагы жүргүнчүнү калтырбай ташыйбыз. 300дөй автобус кызмат кылат",- деди Капаров.