
Бүгүн, 24-декабрда Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, өрт Логвиненко көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоо саат 15:40та толук түрдө өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжол менен 30 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылып, ыкчам чаралар көрүлдү.