Токой кызматы тарабынан быйылкы жылы республика боюнча 2123 гектар жерге экме токой отургузулуп, былтыркы жылга салыштырмалуу 504 гектар аянтка көбөйдү. Бул тууралуу 24-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Берилген маалыматка таянсак, токой тармагында биринчи жолу тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуунун жыйынтыгында токой өнүмдүүлүгү 90 пайызды түздү.
Ал эми токойду коргоо максатында 2025-жылы 7 даана тосмо орнотулуп, ишке берилди. 2024-жылы 403 токой мыйзамын бузуу катталса, 2025-жылы 350 факт катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 14 пайызга азайды. Токой тармагына салынган инвестициянын көлөмү 128 миллион 435 миң сомду түздү.